Борбордук-Чыгыш Африкада май-июнь айларындагы кара нөшөр башталды. Анын кесепетинен дайраларда суу ташып, сел каптап, жер эзилип көчкү жүрүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалым болгондой, Кенияда, Угандада жана Сомалиде кеминде 260 адамдын өмүрү кыйылганы белгилүү болду. Кызыл чырым уюмунун билдирүүсүндө, миңдеген жарандар турак жайсыз калган.

Ал эми үч миңден ашуун гектар жердеги эгинди суу басып калган. Метеорологдордун божомолунда нөшөр жакынкы күндөрү басылбай турганы маалым болгон.