Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетовдун үйүнө барып, келе жаткан Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Белгилей кетсек, Асек Урманбетов быйыл 2-январда 97 жашка чыкты. Жолугушууда өмүрүнүн урунтуу учурларын кеп кылган ардагер өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө баам салып, согуш жана андагы замандаштарынын эрдиктери жөнүндө жаш муундарга байма-бай айтып турарын билдирди.

Ошондой эле ардагер бош убактысында чыгармачылык менен алектенип, роман, поэмаларды жазып келет. Төрага менен жолугушууда «Кылым карыткан өмүр» аталышында китеп жазып жатканын айтып, аны 100 жашка чыкканда окурмандарга сунуу тилегинде экенин кошумчалалды.

Өз кезегинде Төрага Дастанбек Жумабеков Улуу Ата-Мекендик согуштагы көрсөткөн каармандыгы үчүн ардагерге ыраазычылык билдирип: «Мекенибиздин бүтүндүгүн, көп улуттуу совет элинин тынчтыгын коргоодо көрсөткөн эрдигиңиздер үчүн башымды ийип таазим этем. Сиздердин эмгегиңиздер биздин жүрөгүбүздө, Кыргызстаныбыздын тарыхында түбөлүк сактала берет. Жаркын келечек үчүн жасаган аракетиңиздердин баасы жок», – деди.

Жолугушуунун соңунда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ардагерге акчалай жардам жана атайын белектерди тапшырып, бекем ден-соолук, кажыбас кайрат тиледи.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы