Бүгүн, 8-майда Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысы Байыш Жантаевичтин демилгеси менен демөөрчүлөр тарабынан 66 окуучуга заманбап смартфондор белекке берилди.

Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык окутуу башталгандан тарта аймактарда мониторинг жүргүзүп, сыналгы, смартфону жок үй-бүлөлөрдү аныктап жатат. Жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында аларга көмөк көрсөтүүдө. Бул жумуштар азыр улантылууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы