Таенем тууралуу Улуу Ата Мекендик согуштун жетимиш беш жылдыгына карата эскерүү жаздым. Раматылык таенем бизге жакын жашайт эле, кошуна элек. Таенем бир күндө биздин үйгө үч-төрт жолу келе берет эле, ар келген сайын апам алдына тапканын коюп тойгозуп жөнөтөт эле, эгер таенем келбей калса, колубузга идишке оокатты берип жөнөтөөр эле.

Таенем март, жоош-момун, ыймандуу, таза, эмгекчил чебер аял эле, мен 4-класста окуп жатканда он жети кулач боз үйдүн уук тизгичин куруп берип, мага үйрөтүп, мен бүткүчө күндө келип, кабар алып, менин жанымда отурганы алигиче эсимде.

Ал тургай студент мезгилимде каникулга барып кайтканымда, чөнтөгүндөгү каткан акчасынан берээр эле. Таенем көп үшкүрүнөт эле, «өөх көзүн соолгон көр согуш» деп, кимдир бирөөгө болгон нааразычылыгын, кусалыгын, ызасын үшкүрүк менен чыгарып алат эле. Менин жалгыз баламды да көрүп калган экен, көзүң соолгон көр согуш деп дайыма бирөөнү капыстан келип калабы дегендей болуп күтүп жашайт эле. Көрсө, таенемдин жалгыз, үйлөнө турган баласы согушка кетип, дайынсыз болуп согуштан кайтпаптыр.

Эне үмүтү эч качан үзүлбөйт экен, таенем сексен беш жаштан өтүп көз жумду, бирок баласы ДУЙШӨАКУНду өмүрүнүн акырына чейин, үмүтүн үзбөй күттү,  күткөндө да кырк беш жылдай күттү. Азыр согуш жөнүндө кино болсо, ыр ырдалып эскерүүлөр болсо эле раматылык таенем эсиме түшөт. Акыреттин бар экени чын болсо наркы дүйнөдө табышып, жолугушуп бирге жүрүшкөндүр, экөөңөрдүн тең арбагыңар бизден ыраазы болуп, бейиштин төрүндө жүрүңүздөр …

Эстелик жанына келип,
Энелер ыйлабагыла.

Уулунар тирүү биз үчүн,
Сезимди кыйнабагыла.

01.05. 2020 Баткен шаары.
ОРМОНОВА. АРЗЫКАН