«Airports Holding» аттуу туркиялык холдинг «Алматы» аэропортун 415 миллион долларга сатып алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Алматынын аэропорту аталган холдингдин эсебиндеги 15-аэропорт болду. «Казакстан экономикалык жана географиялык жактан алып караганда дагы эң ири өлкөлөрдүн бири.

Ал эми Алматы болсо өлкөнүн эң чоң шаарларынын бири. Ал Кытай, Европа, Африканы байланыштырып турган заманбап Жибек жолунун борбору. Анын мүмкүнчүлүктөрү көп. Өзүбүздүн тажрыйбабызды колдонуп мүмкүнчүлүктөрдүн баарын колдонууга аракет кылабыз», — деп билдирген холдингдин башчысы Сани Шенер.