Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери!

Урматтуу ооруктун эмгекчилери!

Урматтуу мекендештерим!

Баарыңыздарды Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!

Улуу Ата Мекендик согуштун жылдары бизден алыстаган сайын, Улуу Жеңиштин мааниси, баасы, баркы мурдагыдан да даана көрүнүүдө.

Жениш күнү — кубаныч менен кайгы, күлкү менен көз жаш аралашкан, өткөн тарыхыбызды сыймыктануу менен эстей турган күн.

9-Май — беш жыл бою, күнү-түнү күткөн, улуу муундун каны, өмүрү менен өлчөнгөн күн.

Ушул күнгө жетүү үчүн кандуу согушта 27 миллионго жакын советтик адамдардын өмүрү кыйылган.

Жалпы СССР элдери менен бирге, Мекенди коргоого кыргызстандыктар да түп көтөрүлө катышты.

Согуш апааты Кыргызстандагы бир дагы үй-бүлөнү жандап өткөн эмес.

Ар бир төртүнчү эр-азамат согушка аттанган.

Жеңиш үчүн биздин республикабыз да оор жоготууларга туш болуп, 90 миңден ашык жердешибиз кан майданда баатырларча каза болгон.

Бүгүн, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилеп жатып, согуш талаасында курман болгондордун элесине башыбызды ийип, таазим этебиз.

Жеңиш күнүн жакындатып, фронттогу зарылдыкты камсыз кылып турган энелерибиздин, ошол кездеги бели ката элек балдардын, оорукта күн-түнү иштегендердин эмгегине, кайратына терең ыраазылык билдиребиз.

Советтер Союзунун башка шаарларынан келген, ата-энесинен ажырап калган балдарды — апаларыбыз кучак жайып тосуп алып, өз баласындай багып алган.

Согуш мезгилинде биздин республиканын аймагына эвакуацияланган жарым миллиондон ашык жарандын көпчүлүгү Кыргызстандан экинчи үйүн тапкан. 

Совет элинин баатырдыгы, анын биримдиги, өз мекенине чексиз берилгендиги — фашизмди жеңүүнүн чечүүчү фактору болгон. 

Бүгүнкү урпактардын эркин жашоосу үчүн — аталарыбыз канын төгүп, өмүрүн, ден соолугун курмандыкка чалган.

Ошондуктан Жеңиш күнүнүн бийик маанисин коргоого, Улуу Ата Мекендик согуштун сабактарын унутпоого милдеттүүбүз.