Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков өлкөдө өзгөчө кырдаал режими сакталып, мөөнөтү дагы узартыларын айтты. Бул тууралуу президенттин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктоо сөзүндө жазылган.

Президенттин айтымында, азыркы учурда бир тарапта коронавирус илдетинин кесепеттери, экинчи жагында экономикага тескери таасир этчү коркунучтар турат.

Жээнбеков дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүргөн кырсыктан элди аман-эсен алып чыгуу үчүн болгон күч-аракет жумшалып, илдеттин жайылуусуна бөгөт коюу үчүн өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери киргизилгенин эске салды. «Эми экономикабызды жандандыруу үчүн ишкерликтин айрым багыттарына уруксат берилди. Алар өз жумушун кайрадан баштады.

Мындан ары бардык тармактар боюнча бизнес ишмердигин акырындап ордуна келтирүүгө муктажбыз. Бирок адамдарыбыздын ден соолугу жана өмүрү баарынан кымбат. Ошондуктан жалпы республика аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталат, анын мөөнөтү дагы узартылат. Өзгөчө абал режими алынып салынса да, ар бирибизден катуу тартипти сактоо, санитардык–гигиеналык эрежелерди бекем кармануу талап кылынат», – деди президент өз сөзүндө.

Өлкө башчы коомдун саламаттыгы үчүн мамлекет жооптуу экенин айтып, бирок оорунун жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн ар бир жаран да өз жоопкерчилигин сезүүгө милдеттүү экенин баса белгилеген.

«Коомдун, өзүбүздүн, балдарыбыздын, жакындарыбыздын ден соолугу жана өмүрү үчүн мамлекет менен чогуу ар бирибиз жоопкерчиликти моюнга ала турган учур келди. Баарыңыздарга бүгүнкүгө чейин тартипти сактап, медициналык талаптарды аткарганыңар үчүн терең ыраазылык билдирем. Мындан ары да бекем тартип, биримдик менен бул аракеттер улантылат»,  – деп айтылат кайрылууда.