Бүгүн, 8-майда президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылар Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына байланыштуу бири-бирине куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Жеңиш — эркиндик жана көз карандысыздык үчүн жанын аябай күрөшкөн элдерибиздин жалпы мурасы болуп саналарын айтып, Экинчи дүйнөлүк согуш жөнүндөгү тарыхый чындыкты бурмалоого жол бербөөгө багытталган аракеттерди улантуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдирип, бул илдет менен күрөшүү боюнча мындан аркы биргелешкен чараларды талкуулады.

«Мындан сырткары мамлекет башчылар эки тараптуу кыргыз-орус кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү, ошондой эле көп тараптуу уюмдар жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенишүү жаатында пикир алмашышты», — деп айтылат маалыматта.