Баткен облусунун, Баткен районундагы Көк-Таш айылына жакын жердеги Чек участкасында тажик чек арачылары тарабынан ок атылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

«Аталган жер такталбаган аймакта болуп, бирок бул жерди кыргыз тарап пайдаланып келген. Кыргызстан тараптан 30-40тай жаран, Тажикстандан 30-40тай жаран бири-бирине таш ыргытып, алдын-ала алынган маалыматтарга караганда Кыргызстандын бир жараны башынан жаракат алды. Чыр-чатак учурунда мергенчилик куралдан ок атуулар болду. Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетпөөсүн алдын-алуу максатында Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Ошол убакта кырдаал бир аз убакытка тынчый түшкөн. Буга чейин эки өлкөнүн чектеш аймакта жайгашкан жергиликтүү жашоочулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок ошол эле учурда Тажикистандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёттук ок чыгарган. Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал оор деп мүнөздөлөт», — деп айтылат маалыматта.

Эскертуу: Видеодо этикага туура келбеген создор айтылган. Туура тушунуу менен кабыл алабыз.

https://www.youtube.com/watch?v=c1gLABwNuNA&feature=share&fbclid=IwAR1_GbnjOqDL8ffPU3UNQz91hGUzEF1LLxU-ioFHo43VfI7vimL9247kvt0