Баткеним ыйык мекеним…

Эгемендик алганы өз үйүндө, өз көчөсүндө, короосуна эркин чыгып эркелеп күн кечире албас болгонун кандай түшүнсөк болот…

Туюуктан чыгараар элим деген эр жүрөктөрүң каякта…

Илгерини артка сүйрөгөн, төрдөгүнү көргө түрткөн, мынчалык шумдукту бир которсо жер көтөрөөр, бир көтөрсө сабыры сабылган эл көтөрүп келе жатат…

Калкымдан асыл туулса, элим деп белин бууса кана атаган … Көксөгөнүнө кол жеткизбеген жер талаштын доосунан, өз элин асырап, калкалап алалбаган, атка минер бийлик талашканда, өзөгүңөр өрттөнгөнчө төрдөгүн жарга түрткөндөр, элимдин убалынан корксонор болбойбу… Бараар жерибиз топурак экен, кара жердин астында кала электе, элдин наалатынан, каргышынан корксоңор боло, кара топурак жүзүңөрдү жашырса да, эртеңки тарых, ормокчунун торундай, арамзаалыктардын, өз элине калканч коргон боло албаган, алсыздыкты, куулук шумдуктардын аласын акты, карасын ачып саларынан неге ойлонбодуңар урматтуу төрөлөрүм, ак үйдөгү бийлерим … Кайран карапайым Элимдин уйкусуз уу-чуудан тартыш талаштардан башы чыкпай келет, ыйлап-сыктаган элдин көз жашына салкын мүнөздүү укса укмаксан, көрсө көрмөксөн боло бергендин арты эмне менен бүтөөрүң бир гана жаратканга маалым… «Душманды алыстан издебе» — деп атам Кыргыз! Жамандыка жакындарга каргыш да даабайт болгону эмнеси бул кошуна калктын, эсиргенин ким токтотот…

Эшектей эсирген кудайдын улук орозо күндөрүндө ок атканга дити баккан топозбаштардын айбандан жаман ашынып жатканына качан, ким сес көрсөтөт???