Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, кымбаттуу ооруктун эмгекчилери, ардактуу мекендештер!
Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиш майрамы менен сиздерди чын дилимден куттуктаймын!
Мындан туура 75 жыл мурда биздин ата-бабаларыбыз фашистик Германиянын таш-талканын чыгарып, Берлинге кызыл туу сайганына сыймыктанабыз. Дээрлик 5 жылга созулган бул апаат миллиондогон адамдардын тагдырына балта чаап, жүз миңдеген жаш балдарды жетим, апаларды жесир калтырган. Азыркы муун Улуу Ата Мекендик согуштун кандай болгонун аталарыбыздын айткандарынан, тасмалардан, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айматов сыяктуу улуу инсандардын көркөм чыгармаларынан таанышып келебиз.
Чынында бул жеңиштин баасы, баркы өтө кымбатка турган. 15 мамлекеттен куралган СССРден эле 27 миллион адамдын ажал тапканы 2-дүйнөлүк согуштун канчалык кандуу аяктаганынан кабар берип турат. Кыргызстандагы эр жеткен ар бир төртүнчү жигит кан майданга аттанып, 100 миңге жакын мекендешибизден айрылганбыз. Ошентсе да мекен үчүн жанын аябаган, кыргыз элинин улуу духун даңазалаган баатырларыбыздын, анын ичинде 28 панфиловчулардын эрдиги эч качан унутулбайт. Алар бизге, бизден кийинки муунга үлгү болуп түбөлүккө кала берет.
Өкүнүчтүүсү бизге ушундай тынч жашоону тартуулаган ардагерлерибиз, күнү-түнү уктабай фронтко азык-түлүк жиберип турган ооруктун кызматкерлери күн сайын арабыздан суюлуп баратат. Бул жылы Президентибиз тарабынан бир жолу бериле турган сый акчанын көлөмүнүн көбөйгөнү кубандырбай койгон жок. Биз ардагерлерге канчалык сый көрсөтсөк да аздык кылат. Өкүнүчтүүсү, коронавирустун айынан быйыл Жеңиш майрамын салтанаттуу белгилей албай калдык. Бирок, бул күндөр да өтөт. Мурдагы жашоого жакынкы убакта кайтып келебиз деп терең ишенем.
Учурдан пайдаланып ардагерлерди, жалпы мекендештеримди Улуу Жеңиш майрамы менен дагы бир ирет чын дилимден куттуктаймын!

Асманыбыз ар дайым ачык болсун, Жараткан биздин сүйүктүү Кыргызстаныбызды ар кандай кырсыктардан сактасын. Ушундай кыйын күндө баарыбыз бир муштумдай биригип, мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн салым кошолу.

Бар болуңуздар!