Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов бүгүн 8-майда кыргыз -тажик чек арасында катталган окуяга байланыштуу, облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чукул жыйын өттү.

Ыйгарым укуктуу өкүл биринчи кезекте ,кырдаалды жөнгө салуу, чыр чатак чыккан аймактагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу максатында,түнү бою   тийиштүү органдардын жана жөө кайгуул күзөтүн, күчөтүлгөн тартипте иш алып баруусун тапшырды.

 Ал эми үч саат мурда башталган Баткен-Согди облус башчыларынын биринчи орун басарлары жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды.

Тараптар кырдаалды турукташтыруу, 10-май күнү кайра жолугушууну макулдашты. 

Жолугушууда бүгүнкү окуяга себеп болгон маселелер  кенири талкууланат. 

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы