“ Аялымды кантип таштайм, билбей жатам?!? Сулуу кызды сүйүп калдым”

Бир киши акылманга келип “Мен жаш, сулуу кызды сүйүп калдым. Аялымды кантип таштаарымды билбей жатам?!” деп кеңеш сурайт.

– Аялыңды сүйүп калган кездеги сүрөтүн көрсөтчү? – деп сурайт акылман.

Киши көрсөтөт. Сүрөттө тал чыбыктай ийилген сулуу кыз карап турган болот.

– Кызык, ушундай сулуу кыздан да сулуу кыз таптыңбы? – деп таң калат акылман.

– Жок, албетте, жок. Ал кезде аялым чындап эле аябай сулуу болчу. Бирок азыр… Азыр мурункудай болбой калбадыбы? – деп мукактанат киши.

– Аялыңдын сулуулугун кайтаргың келеби?… Жаш кезин кайтарып берсем, аялыңды таштабайсыңбы? – деп сурайт акылман.

– Андай болсо, сонун болбойт беле?! Албетте, таштабайт болчумун! – деп жооп берет киши.

– Мен сага жардам берейин, бирок акысы аябагандай кымбат болот. Канча балаң бар?

– Эки.

– Аялың өзүнүн тең жарымын балдарына арнап сулуулугунан ажыраган. Балдарыңды алып келсең, аларды так ортосунан бөлүп туруп, аялыңа сулуулугун кайтарып берейин.

– Жок ай! Кайдагыны айтпаңызчы?! – деп кыйкырып жиберет киши.

– Анда эмне кыл дейсиң?! – деп таң калат акылман.

– Балдарым менин да бир бөлүгүм да… Аларга канча күч-кубатым жана ден соолугум кетти… Аларды кантип курмандыкка…

– …Аа, демек, сен да өзүңдү балдарыңа арнап, сен да жаштыгыңды жоготкон экенсиң да?! – деп тиги кишинин сөзүн бөлүп, мыйыгынан жылмаят акылман.

Ортодо бир саамга тынчтык өкүм сүрөт.

– Түшүндүм, түшүндүм баарын… Аялым экөөбүз балдарыбызга өзүбүздүн тең жарымыбызды берген экенбиз да… Туура айтасыз… Жаш кезибиздеги сулуулугубузду жана күч-кубатыбызды эми кайтарыш кайдан?!… – деп шылкыят киши.

– Бирок мени аялымдан түртүп турган дагы бир нерсе бар, – деп кайра обдулат киши, – аялымдын кулк-мүнөзү таптакыр өзгөрүп кетти! Биз жаңы таанышкан кезде ал аябагандай назик, жароокер, жаркылдаган кыз болчу. Азыр болсо, эч нерсени жактырбайт, үтүрөйүп кабагы такыр ачылбайт, күңкүлдөп, урушкусу эле келип турат.

– Күзгүң барбы? – деп сурайт акылман.

– Жок.

– Сенин аялың – сенин күзгүң! Аялыңдын көңүлүн алып, жылуу сөздөрүңдү, мамилеңди аябай, сыйлап, урматтап, барктай алдыңбы? Кемсинтип, жүрөгүн ооруткан жоксуңбу?… Өзүң кандай болсоң, аялың так ошондой болот, – деп жыйынтыктайт акылман.

Ааламтордон алынган материал кыргызчаланды

Сузана Кангелдиеванын социалдык тармактагы баракчасынан алынды.