Белгилүү болгондой, буга чейин өзбекстанда дамба жарылганда, Улуттук Гвардиянын 3 аскери сууга агып көз жумду деп эсептелгенин өзбек басылмалары жазышкан. Бирок издөө учурунда аскерлердин бири тирүү табылганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, табылган аскер тарбия жана идеология суроолору боюнча бөлүмдүн начальниги Тулкин Кодиров экени аныкталган. Ал окуя болгон жерден 15 чакырым алыстыкта табылган. Абалы туруктуу. Ага чейин 3-май күнү жоголгон аскерлердин бири сержант Суяровдун жансыз денеси табылган. Үчүнчү аскерди издөө боюнча иштер уланууда.

Эске салсак,1-майда Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы суу сактагычында дамба жарылып, ага жакын жайгашкан аймактарды суу каптаган. Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болгону жана 1 адам дайынсыз болуп жатканы кабарланган.