Түндө республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 113 жаран жеткирилди.

Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 9 унаа киргизилди.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары – 98,

Ош шаары – 11,

Жалал-Абад шаары – 4.

Нарын облусунун Ат-Башы району боюнча коменданттык сааттын тартибин бузгандар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4846 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды, анын ичинен 4733 эркектер, 555 аял киши. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди, алардын ичинен 3571 жаран эскертилип, 1275 жаранга бузуулар тууралуу протокол түзүлүп айып салынды. Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 373 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди. ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

ИИМдин басма сөз кызматы