1. Мурдагы СССР өлкөлөрү толугу менен экинчи дүйнөлүк согушка тартылышкан жана ал Ата Мекендик Согуш деп аталган. Дүйнө жүзү боюнча  СССРде эң көп адам өлүмү катталган жана ал 41 млн. 927 миң адамды түзгөн.  Салыштыра кетсек АКШ бул согушта болгону 418 миң адамын жоготкон.
  2. Тарыхчылардын берген баасы боюнча холокост учурунда (улутчул фашисттердин европалык еврейлерди массалык түрдө кырышы) 6 миллион адам өлтүрүлгөн. Болжол менен алардын 1,5 миллиону кичинекей балдар болгон.
  3. 1923-жылы туулган эркектердин 80 пайызы Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кайтпай калган.
  4. Улутчулдар болжол менен 30 концлагер курушкан жана аларда бардыгы болуп 12 миллион адам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
  5. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда суу алдында сүзүүчү кемелерде 40 миңден ашык адам кызмат өтөгөн. Алардын 10 миңи үйлөрүнө аман-эсен кайткан.
  6. 21-июнь күнү аттестат алган уландардын бардыгы 22-июнь күнү колуна курал кармаган.
  7. Согуш маалында саат сайын 793 адам курман болуп турган. Башкача айтканда мүнөт сайын 13 адам же ар бир 5 секундда бир адам өмүр менен кош айтышып турган.
  8. Советтер союзунун материалдык чыгымдары болжол менен 2 триллион 600 миллиард рубльди түзгөн.
  9. Согуш жылдары Кыргызстан ар бир төртүнчү тургунун фронтко жөнөткөн. Бул мезгилде республикага согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдөн 300 миң адам эвакуацияланган.
  10.  Алматы менен Фрунзе шаарында түзүлгөн 316-аткычтар дивизиясына генерал-майор И.В.Панфилов командачылык кылган. Панфиловчулар Москва үчүн болгон согушта болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөтүшкөн жана андагы 28 баатырдын алтоо кыргызстандыктар болгон.