9-май саат 8.30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, түн тынч өткөн. Эки тараптан тең чыр-чатак чыккан аймактагы кошумча күчтөрү алынды. Баткен облусуна Чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев жөнөп кеткен.

Эске сала кетсек, кечээ, 8-майда, кечке жуук Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен.