Минск шаарынын мэриясы «Өлбөс полк» жүрүшүн өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу TUT.BY басылмасы жазып чыкты. 9-майдагы акцияны үч коомдук уюм уюштуруу ниетин билдирип ага 5000 адам катышмак. Бирок шаар бийлиги коронавируска каршы байланыштуу уруксат берген эмес.

Ал эми маалым болгондой, аскердик парадга жана кечинде Жеңиш аянтында өтчү концертке тыюу салынган жок.

Эске салсак, Президент Александр Лукашенко март айында «Өлбөс полк» жүрүшүнө каршы экенин билдирип, «Эмне үчүн өзүбүздүн «Беларуссь унутпайт» деген иш-чарабызды коюп, «Өлбөс полкту» даңкташыбыз керек?» деген эле.