![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/05/960746.d7cc2782e281f6b0e31a8b0f9dc40549.jpg)
Коом
8 бейтап коронавирустан айыкты
Кыргызстанда дагы 8 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 7 жана Нарын облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 658 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 25 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 931 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.