Кылмыш-кырсык
Чек арада ок тийген бир аскердин абалы оор
Кыргыз-тажик чек арасындагы 8-майда болгон жаңжалда ок тийген бир аскердин абалы оор. Баткен облустук ооруканасында реанимацияда жатат.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди: «Бир ок алынды. Он биринчи омурткасында бир ок турат. Октон жүлүн жабыр тарткан». Бөрүбеков операция учурунда аскер көп кан жоготконун белгилеп, ага кан куюлуп, тийиштүү дары-дармектер менен камсыздалганын кошумчалады. Ал эми көкүрөгүнө, колуна ок тийген эки жоокерге медициналык жардам көрсөтүлдү.
Алар Травматология бөлүмүндө жатышат, абалдары жакшы экенин билдирди.