Чүй облусунун Сокулук районунда жергиликтүү тургундун короосуна бүркүт конуп калган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

«Мэрияга Сокулуктун тургуну короосуна бүркүт конуп калганын айтып, аны куткаруусун суранып телефон аркылуу кайрылган. Мэрия дароо турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн кызматкерлерине кушка жардам берүү боюнча тапшырма берген. Жергиликтүү тургундун короосуна конуп калган куш бүркүттүн баласы болуп чыккан», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясынын «Жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын башчысы Элнура Жолдошева жана Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Биотүрдүүлүктү сактоо департаментинин директору Алмаз Мусаев кушту Германиянын Кыргызстандагы NABU жаратылышты коргоо биримдигинин филиалына өткөрүп берилишин жеке көзөмөлгө алган.