Коом
Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 121,1 млн доллар бөлөт
Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга кошумча жардам үчүн 121,1 миллион доллар өлчөмүндө жардам берет. Ал COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын-алууга жумшалат. ЭВФтин аткаруу комитети Бишкекке кошумча көмөк көрсөтүү чечимин кечээ 8-майда бекиткен. Бөлүнгөн каражат саламаттык сактоо тармагына жумшалып, 6 миллиондон ашуун калкы бар өлкөнүн экономикасына көмөк көрсөтүүгө да сарпталат.
Эске салсак, буга чейин, пандемиядан улам 31-мартта 120,85 млн. доллар Борбордук казыналыктын эсебине келип түшкөн.