Советтер Союзунун баатыры Самат Садыков көзү тирүү болгондо быйыл 100 жашка чыкмак. Ал 1920-жылы 8-майда Лейлек районуна караштуу Кара-Сай азыркы Кара-Таш айылында дыйкандын уй-булөсундө туулган. Ал 7 жылдык мектепти бутургөндөн кийин, колхоздо арабакеч болуп иштеп жургөн.

Комсомолдун катарында өткөн. 1940-жылы октябрда кызыл армиянын катарына чакыртылып, 1943-жылы согушка кирген. Курс дугасында, Десна, Днепр жээгинде, борбордук жана батыш Брянск, Белорусия, Польша, Германия согушуна катышкан.

Самат Садыков согуш талаасында душмандын 300 аскерин, 2 майор, 15 оффицерин, 12 машинасын орттоп, 7 автомашинаны жана 10 атышуу пунктарын талкалаган. Белорус фронту, Кызыл-туу ордендуу 16-гвардиялык Александр Невский кавалериялык полктун 1-эскадору.

Станок пулеметчу Самат Садыковдун согуштагы көрсөткөн каармандыгы учун 943-жылы 25-августта жана 27 октябрда «Эрдиги учун» медалы эки жолу ыйгарылган. 1944-жылы 8-сентябрда «Кызыл-Туу» ордени, 1945-жылы 27-майда Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени, 1945-жылы 31-майда советтер союзунун баатыры наамы, Ленин ордени, алтын жылдыз медалы ыйгарылат.