«Бизге бир гана жеңиш керек». Музыка жана сөздөрү — Булат Шалвович Окуджава. Которгон: Гулзада Рыскулова Биздин «Музыкалык Батальон» аттуу долбоор Улуу Ата- Мекендик Экинчи дүйнөлүк согуштун Жеңиш күнүнө арналат. Бул долбоорго 10 мамлекеттин музыканттары катышып, Булат Окуджаванын «Бизге бир гана жеңиш керек» деген чыгармасын 17 тилде аткарышты. Булат Шалвович Окуджава — XX кылымдын экинчи жарымындагы гениалдуу акын жана композитор.

Эгер анын көзү тирүү болсо 9-майда 96 жашка толмок. «Бизге бир кана жениш керек» аттуу чыгармасын Окуджава режиссер Андрей Смирновдун 70-жылы жарык коргон «Белорусский вокзал» филми үчүн жазган. Керемет ыр кинонун саундтреги эле болуп калбастан бүтүндөй элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болду. Чыгарма гитарада, Альфред Шниткенин оркестрдик аранжировкасында коштолуп, тасмада актриса Нина Урганттын аткаруусунда жаңырат.

Бул ыр согуш учурдагы оор кырдаалды эске салып, көпчүлүктүн Жеңиши катары муундан-муунга сакталып кала берди. Учурдагы абал да баарыбызды кыйын кырдаал менен беттешүүдө улуу биримдикти талап кылып тургандай. Ал эми «Биздин батальон» биздин кичинекей арышыбызга ишеним берип, жаркын үмүттөргө, жакшылыктарга, жетелейт деп ишенебиз. Гитара менен аранжировка: Петр Маланов Ун режиссеру, перкуссия: Константин Дюжарден (Jen Studio) Видео: Георгий Волев Volev Production үчүн Обложка: Дарья Усова (dariausova.com) Музыкалык батальондун 2020: Кыргызстан: Гулзада Рыскулова Армения Кыргызстан Россия Удмуртия Якутия Франция Испания Греция Татарстан Белоруссия Молдова Украина «Музыкалык батальондун 2020» командири: Леонид Бурлаков