Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы күрөшүүдө эки этаптан турган иштерди жүргүздү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

  1. «Биринчи этапта өлкөгө сырттан коронавирусту киргизип албоо үчүн иштер жүргөн. Чек арада санитардык-карантиндик көзөмөлдөр орнотулуп, атайын алгоритм иштелип чыккан. Аны менен бирге эл аралык уюмдар менен дагы байланыштарды түзүп, коронавируска каршы күрөшүүдө механизмдер иштелип чыккан», — дейт ал.

Үсөнбаевдин айтымында, 28-февралдан 12-мартка чейин коронавирус илдети өлкөгө кирген эмес.

«Бирок 12-15-март күндөрү Умрадан келген жарандарыбыздан коронавирус жуктурган алгачкы учурлар катталган. Алардын баарын аныктаганга жетиштик. Медициналык көзөмөлгө алынып, лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн. Жалпы 30 миңдей жаран обсервацияга жана үй карантинине алынган. Азыр 658 жаран илдеттен айыгып отурат. Ал 72%ды түзөт», — деди министрдин орун басары.

2. Үсөнбаев белгилегендей, экинчи этапта коронавирустун кеңири тарап кетпеши үчүн өзгөчө абал режими киргизилген.

«Жарандар арасында аралык сакталып, илдеттин кеңири тарап кетпешине шарт түздү. Ошондой эле эпидемиологиялык талаптар иштелип чыкты. Өлкөдө мекеме, уюм, ишканалар ишин жандандырып жатат. Алардын иштөөсүнө санитардык талаптар коюлду», — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 931ге жетти. Алардын ичинен 231и медицина кызматкери. Илдеттен 658 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.