Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине КРдин жарандары менен аскерлерине гранатомёт, миномёт менен ок чыгарган окуя үчүн нааразычылык нотасы тапшырылды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

«Кечээ Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик бөлүгүндө болгон чырга байланыштуу Тажикстандын КРдеги элчиси Назирмад Ализода чакырылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Тышкы иштер министрлиги тажик аскерлеринин жана жарандарынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды курчутууга алып келген ачык-айкын деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерине тынчсыздануусун билдирди.