Коом

Министр Аскаров Камчыбек Ташиевдин айтканына жооп берди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Ата Журт» саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин 2008-жылдагы Алай районунун Нура айылындагы жер титирөө менен быйыл 2-майдагы Лейлектеги селди салыштырып пикир жазганы туура эмес деп эсептейт.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, министрлердин ишине кырсык болгон жерге көп барганына эмес, алдын-алуу жумуштарын жүргүзүп, адам өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайткандыгына карап баа берилет.

«Бир айыл бүтүндөй жер алдында калып, 80ге жакын адам каза болгон жерге барганын айтып, өзүнөн кийинки иштеп жаткан министрлерге ар бир кырсык болгон жерге баргыла, болбосо, кызматыңардан кеткиле, дегени туура эмес. Камчыбек Кыдыршаевич учурда өз милдетин жогорку деңгээлде аткарып жаткан министрдин отставкага кетүүсүн талап кылаардан мурда тарыхка бир кылчайып койсо болмок. Анда Райкомол айылында жер көчкүдөн 16 адам каза болгондо министрликтин алдындагы мониторинг департаментинин директорун иштен алганы маалым»,-деп айтылат маалыматта.

Маалыматта Аскаровдун ишинин жыйынтыгында өрттөрдүн саны 22,4 пайызга кыскарып, тилсиз жоо менен алпурушууда 17 адамдын өмүрү куткарылгандыгы айтылат.

7-майда саятсатчы Камчыбек Ташиев өзгөчө кырдаал министри Замирбек Аскаровду Баткен жана Жалал-Абад облустарында селден жабыркагандардан министри катары кабар албаганын сындап, кызматтан кетиши керек экенин билдирген. 

Булак: Т-медиа

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button