Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда өлкөдөгү аткезчиликти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүнбаев көзөмөлдөп турган. Бул тууралуу мурдагы президенттин уулу Сейтек Атамбаев “Фейсбуктагы” түз эфиринде айтты.

“УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев эч нерсени чеччү эмес, өлкөдөгү контрабанданы Болот Сүйүнбаев көзөмөлдөп турган”, –  деди Сейтек Атамбаев.

Ал Алмазбек Атамбаевдин  ишенимине кирип, жооптуу кызматты аркалагандардын көбү байдын байы болгонун, андыктан алардын да мүлкүн текшерүү керектигин белгиледи.

Алмазбек Атамбаевдин мурунку жансакчысы Болот Сүйүмбаев УКМКнын төрагасынын орун басары болуп эки жыл иштеген. Ал эми Абдил Сегизбаев 2015-жылдан 2019-жылга чейин аталган мекемени жетектеген.

Булак: Жебе медиа