Беларустун Минск шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата аскердик парад өттү. Парадга 3 миңге жакын аскер кызматкери, 150 дана техника, 36 учак жана тик учак катышты.

Кечинде Жеңиш аянтында «Жалпы Жеңиштин даңкы үчүн!» («Во славу общей Победы!») аталышындагы концерт өткөрүү пландаштырылууда.