Саламатхан Маллабекова, 100 жаштагы Кыргызстандын жараны биринчи жолу паспорт алды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, Өзгөн шаарынын 100 жаштагы тургуну Кыргызстандын жараны экенин тастыктаган паспорт алды.
Биринчи жолу паспорт алган жарандын туулгандыгы, үй-бүлө кургандыгы тууралуу күбөлүктөрү жана башка документтери жоктугунан паспорт албай жүргөн.
Ал Өзгөндө туулуп, өмүр бою ошол жерде жашап келет.

Мамкаттоонун жергиликтүү бөлүмүнүн кызматкерлери өз эсебинен документтерин калыбына келтирип, ID картасын белектери менен кошо тапшырышты.

Саламатхан Маллабекованын алты уул-кызы, 28 небереси, 106 чөбөрөсү жана 61 кыбырасы бар.