Жалал-Абад облустук клиникалык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнөн акыркы бейтап чыгарылды. Бул тууралуу аталган оорукананын жетекчисинин орун басары Гүлбарчын Рахманова билдирди.
Анын айтымында, коронавирустан сакайган 2 жаштагы бала чоң энеси менен чыгарылды.
«Биздин жугуштуу оорулар бөлүмүнө башка район-шаарлардан келгендер жаткырылды. Бүгүн, Улуу Жеңиш күнүндө бизде да жемиштүү кабар болду. Илдет менен ооругандар бизде калган жок», – деди ал.
Үстүбүздөгү жылдын 16-мартынан бери ооруканага жалпысынан 87 адам жаткырылган. Анын ичинен 49 адамдан илдет аныкталган.