Сталин 1879-жылы 6-декабрда Гори деген анчалык чоң эмес грузин шаарында карапайым эле Виссарион деген өтүкчүнүн үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

  • Иосиф жети жашка чыкканда ат арабанын алдында калып, сол колун сындырып алган. Сынык туура эмес бүтүп жана тарамыштарына доо кеткендиктен сол колу жакшы иштебей калган. Жакшы иштебей жана жарым-жартылай түрдө бүгүлүп турчу колун жашыруу үчүн ал сол  колун бүгүп же такай мүштөк кармап алар эле.
  • Негизи Йосиф көңүлү куунак жана доско ынак бала болгон. Аны дайыма көптөгөн достору коштоп жүрчү.
  • Бийликке карата жол узак жана өтө машакаттуу болгон. Революциялык жана пропагандалык ишмердүүлүгү үчүн ал бир нече жолу сүргөнгө айдалып, түрмөгө отургузулган. Бирок, ал түрмөдөн бир нече жолу качып чыккан. 
  • Сталин деген ысым ага 1912-жылы берилген жана ушундан тартып анын Джугашвили деген өз фамилиясы экинчи планга чыккан.
  • Бир кездерде Сталин большевиктердин «Правда» деген гезитинде Ленин менен чогу иштеп калган. Дал мына ушундан тартып экөөнүн ортосунда достук маанай жаралган.
  • Сталин эки жолу үйлөнгөн. Биринчи аялы Екатерине Сванидзе тифтен өлгөн жана андан Яков деген уул калган. Ал Екатеринаны катуу сүйгөндүктөн дээрлик он төрт жыл боюу бойдок жүргөн. Экинчи алганы Надежда Аллилуева андан 23 жашка кичүү болгон. Андан уулу Василий жана кызы Светлана төрөлгөн.
  • Он эки жыл бирге жашагандан кийин экинчи аялы Надежда өзүн-өзү атып өлтүргөн. Сталинге бул өтө катуу тийген жана ушундан кийин ал эч качан үйлөнгөн эмес.
  • Улуу Ата Мекендик Согушта Яков немистерге туткунга түшүп калган. Яковдун ким экендигин билген немис бийлиги аны туткунда жаткан немис фельдмаршалы Паулюска алмашуу тууралуу Сталинге билдирүү жасаганында, Сталин: «Мен жөнөкөй лейтенантка фельдмаршалды алмаштырбайм!» — деп уулунан баш тарткан.
  • Сталин 1953-жылы 5-мартта мээсине кан куюлуп кетип каза болгон. Бирок, эл ичинде ага уу берип өлтүрүшкөн деп дагы айтылат жана ал Лаврентий Берия тарабынан уюштурулган деген божомолдор бар.