Буга чейин Европанын Австрия,Бельгия, Франция сыяктуу бир катар өлкөлөрүндө коомдук жайда жүздү жапкан кийим кийүүгө чектөөлөрдү киргизген.Бу жолу Нидерланд мамлекети катуу кетип,алар мыйзам чыгарып,анын аткарылышын талап кылды. Бул тууралуу alakan.biz сайты билдирди

Эми коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде жүздү жапкан кийимдерге ,анын ичинде паранжы жана никабга тыюу салган мыйзам күчүнө киргени тууралуу маалымат тарады.Маалыматка караганда, мектептерде, ооруканада жана коомдук транспортто паранжы менен никабдан тышкары түрдүү беткаптарды жана велосипед тебүүдөгү коопсуздук баш кийимдерин кийип жүрүүгө болбойт.Мисалы коопсуздук кызматкерлери никаб кийген аялды көрсө, андан бул баш кийимди чечүүсүн талап кылышы керек.Эгер аял талапты аткаруудан баш тартса,анда анын имаратка кирүүсүнө тыюу салынып,150 евро өлчөмүндө айыппул салынат.
Нидерланд жашоочуларынын 5% жакынкы мусулмандар түзөт, алардын көбү Түркия,Суринам, Индонезия жана Марокко өлкөлөрүнөн баргандар.Бирок ислам динин туткан аялдардын көбү паранжы жана никабды сейрек кийишет.

Булак: Компромисс сайты