Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосуна абалдын өзгөрүшүнө жараша оңдоп-түздөөлөр кириши мүмкүн экенин белгиледи.
11-майдан тартып төмөнкү тармактардын иши жанданат:
1. Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнөн:
— микрофинансылык уюмдар;
— камсыздандыруу компаниялары;
— ломбард;
— акча алмаштыруу пункттары;
— кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;
— туристтик агенттиктер;
— адвокаттык кызматтар;
— басма кызматтары.
2. Калкты тейлөө кызматтарынан:
— сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;
— тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоочулар;
— химиялык тазалоо.
3. Соода чөйрөсүнөн:
— курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;
— автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;
— тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;
— автосалондор – авторыноктордон сырткары.
4. Массалык маалымат каражаттары.
Ал эми транспорт кырдаал турукташмайынча ишке киргизилбейт.