Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айыл өкмөтүнө караштуу Байгашка-Терек айылына жаңы мектеп курулган.

Эски мектептин имараты Өнүктүрүү жана Кызматташтык боюнча Швейцариялык агенттиги (SDC) тарабынан 3,5 млн сомго оңдолуп, түзөлүп, жаңы эмеректер алынып, бала бакча ачылды.

Авлетим айыл өкмөтү бала бакчанын ачылышына 400 миң сомдук салым кошуп, керектүү жабдыктар менен камсыздалды. Бала бакчага ушул жылы арабыздан кеткен, мектептин мурунку директору Раткан Кожоматованын ысымы ыйгарылды. 

«Раткан Кожоматова» атындагы жаңы ачылган бала бакчадан кыргыздын керегине жараган, кыргыз эли сыймыктанган мекенчил жаштар тарбияланып чыксын.