Кечээ 9-май улуу Жеңиштин 75 жылдыгы Кыргызстандын баардык аймактарында белгиленди. Бирок эч кандай коомдук иш чаралар болгон жок. Кыргызстандын баардык айматарында согуштун ардагерлери жашаган үйгө барып, музыканын коштоосунда белек бечкектер таратылды.

Дүйнө жүзүн кооптондуруп аткан пандемияга байланыштуу  дээрлик баардык өлкөлөрдө жеңиш майрамы коомдук иш чарага айланган жок. Жалгыз гана Белоруссияда  Жеңиш парады элдин катышуусунда болду.

Ал эми борбор калаабыз Бишкекте  да көчөгө  эч себепсиз чыгууга тыюу салынганына, эл чогулууга, социалдык дистанциянын аралыгын сактоо талабына карабастан айрым партиянын өкүлдөрү чыгып алып майрам өткөрүп атканын көргөн журналист Лейла Саралаева 9-майда Фейсбук баракчасына кейип жазып чыкты.

“Мына Чоң Казат партиясы Жеңиш күнүн ушинтип майрамдап жатат. Албетте, мен саясый партияга эч кандай кусаматым жок, бирок алар паркка  чыгып алып кытайдын фонариктерин күйгүзүп учуруп жатышат, мындай болбошу керек эле. Фонариктер күйбөй парктагы жашыл чөптүн үстүнө түшүп жатат, кээ бир күйгөн чырактары асманга бак-даракка чейин учуп атат.  Мен аларга барып мындай болбош керектигин айтсам, биздин майрамды бузбагын деп айтышты. Өзүңөрдүн акцияңарды өткөрө бергиле, бирок шаарга жана паркка эч кандай залакасын тийгизбешиңер керек деген сөзгө орой жооп алдым. Алар бул  коомдук эс алуучу жайга жасаган жоопкерчиликсиз мамилелери үчүн жоопко тартуулусун талап кылам”,- деп жазды. 

Бул партиянын өкүлдөрү учурда каратиндин, өзгөчө абал режиминин тартибин, талабын бузуп атканы ачык эле көрүнүп турат. Эл эс алчу жерге барып от койгон чырактарды учурбай, бак отургузса пайда болмок эле. Кечээ шамал болуп, жамгыр жаады. Ушундай шамал учурунда да от менен ойношобу. Алардын асманга учурган чырагы эч кимди деле кызыктырган жок, а максаты эмне болгону белгисиз.

Ал эми паркка чырактарын учуруп атканын көргөн журналист Лейла Саралаеванын кейип айтканына толук кошулууга болот. Себеби, бул партиянын өкүлдөрү экологияга жана жаратылышка зыян алып келип жатат. 

Эскерте кетсек, бул партиянын жетекчиси Канат Хасанов коомчулукка ар кандай видео-кайрылууларды жасаганы менен таанымал. Ал эми партиянын дагы бир мүчөсү  Сыймык Жапыкеев Манас айткан манасчыларга каршы туруп, “Кара-Жорго” бийин шылдыңдаган видеосу коомчулукта ар кандай терс пикирлерди жаратып келет. Сыймык Жапыкеевдин Манаска каршы туруп, Чоң-Казатка аттанганы, элди карантин убагында аянтка чогулууга чакырганы, коомчулукту дүрбөлөңгө салган ар кандай чакырыктарды жасаганы акылга сыйбаган жана логикага туура келбеген аракет катары коомчулукта сыпатталууда.

Бул боюнча укук коргоо органдары кандай баа берет, күтө туралы.