Биринчи вице-премьер өзгөчө абал режими алынгандан кийин да өлкөдө бир катар чектөөлөр болорун билдирди.

Ал бүгүн өкмөт үйүндө брифинг өткөрүп, алдыдагы аракеттер жана карантиндин жаңы эрежелери боюнча түшүндүрмө берди.

Маанилүү учурларын тизмектейбиз:

— Бишкек жана Ош шаарларына, Ат-Башы районуна жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин киргизилет. Бул аймактарга санитардык-карантиндик посттор коюлуп, кирип-чыгууга тыюу салынат;

— Ишмердүүлүгүнө уруксат берилген мекеме, уюмдардын кызматкерлери сырттан келсе, посттордон тоскоолдуксуз өтөт. Ал үчүн иштеген жеринен маалым кат алышы шарт. Документти кызматкерине жеткирип берүүнүн жол-жобосун ишкана жетекчилиги уюштурат;

— Аймактар аралык каттамга мурдагыдай эле чектөө коюлат. Өкмөт элдин агымын максималдуу түрдө кыскартууга аракет кылууда;

— Жарандар жүйөлүү себепсиз көчөгө чыкпай, обочолонуу режимин сакташы зарыл;

— Коомдук транспорт кайра иштебей турган болду. Азырынча автобус, троллейбустарда ооруну жуктуруп алуу кооптуулугу жогору деп бааланууда;

— Ишкерлигине уруксат берилген кызматкерлер жеке автоунаасы менен шаарда жүрө алат;

— Ишин жанданткан мекеме, уюмдар санитардык нормаларды так сакташы керек. Атап айтканда термометр, санитайзер, бет кап колдонуу шарт. Күн сайын кызматкерлердин дене табы өлчөнүп, саламаттыгы текшерилип турушу керек;

— Өткөрмө кагаз берүү системасы жоюлат.

Соңунда Боронов жакында эле «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» мыйзамдын 21-беренесине өзгөртүүлөр киргизилгенин эскертти. Ага ылайык, кырдаалга жараша чектөө чараларынын (карантин) жол-жобосу өкмөттүн токтому менен бекитиле берет.