Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылуу жасады.

Ал Баткен облусунда бир нече жагымсыз окуя катталса да өкмөт башчы маселени жеринде чечүүнүн ордуна телефон аркылуу гана мааалымат алып тим болгону кечирилгис ката деп эсептейт:

“Жуманын аягында бейкапар күн кечирип жаткан элибизге тажик жарандары тарабынан чагымчыл аракеттер жасалып, ок атышуу болду. Биздин үч жаран жаракат алып, алардын бири оор абалда ооруканада жатат. Сиз өкмөт башчы катары дагы эле позицияңызды билдире элексиз. Баткен облусундагы өкмөттүн  мурдагы өкүлү, азыркы вице-премьер-министр Акрам Мадумаров да окуя болгон жерге кечигип барды. Ал орун басарыңызга «Буга чейин чечпеген маселени эми чечеби?» деген коомчулукта сын-пикир арбын”

Икрамов аткезчилик маселеси парламентте бир нече ирет көтөрүлгөнү менен өкмөт тараптан жетиштүү кадамдар жасалбай жатканына нааразычылыгын билдирди.

“Кыргызстандын Тажикстандагы элчисинен дайын жок. Биз, Жогорку Кенештин депутаттары, анын ичинен жеке мен бир канча жолу коңшу Тажикстанга кетип жаткан контрабанда товарларды тыюу боюнча маселе көтөргөм. Бул боюнча бир да кадам жасабадыңыз. Биздин мамлекеттин Тажикстан менен экономикалык алакасы салыштырмалуу анчалык мааниге ээ эмес. Тескерисинче Тажикстан көп маселе боюнча бизге көз каранды. Эмне үчүн ушул убакытка чейин мыйзамсыз иштеп келген экономикалык коридорлоду жаап койгонго мүмкүнчүлүгүңүз жетпей жатат? Же сөзсүз түрдө эки мамлекеттин жарандары колуна курал кармап көчөгө чыгышы керекпи?” – деди депутат.

8-майда кыргыз-тажик чек ара аймагында кайрадан чыр чыгып, кыргыз тараптан үч чек ара кызматкери жана бир жергиликтүү тургун жаракат алды. Ок тийген чек арачынын абалы оор деп бааланууда.

Булак: Жебе медиа