Эми туугандар сөздүн ток этер жерин жазайын. 29 жылдан бери баягы бир эле касета кайталанып келе жатат.

Биринчиден биз азыркы учурдагы коррупциялык система менен кантип күрөшөбүз ошону тактап алышыбыз керек, жөн эле кыйкыра бербей?

Экинчиден Акаевтын доорунан бери 200-300 бизнесмен, миллионерлер өтө акылдуу системаны ойлоп табышып, элди кантип алдап, кантип кооз сөздөрдү сүйлөп башын айлантканды өздөштүрүп алышкан. Улам бийликти бири бирине өткөрүп, ар кандай ыкмалар менен бизге саясий жалган кинолорду коюшуп, аябай актёрдук ролдорду ойноп жатышат десем жанылышпаймын.

Артка бир кылчайып карасаңыздар, Чубак ажы айткандай миллиондорду уурдашат, анан камалып үч төрт жыл ал жакта сонун шарты бар комнаталарда жатып (курортто жаткандай) акчанын күчү менен чыгышып, кайра эле саясатка аралашып эч нерсе болбогондой жүрө беришет экен, ошол үчүн саясат сасык деп бекеринен айтылбаса керек. Бул актёрлор, биз кооз сүйлөп койсок же акча таратып койсок карапайым эл алдана беришет экен деп, элдин пейилин билип алышкан. Ошого кайра-кайра алмашып кезектешип депутат, министр, же бир бийликтин майлуу, сүттүү жерлеринде калкып сүзүп жүрүшөт.

Коррупционерлер менен күрөшүүнүн бирден бир жолу, өлүм жазасын киргизиш керек. Туура, арасында жүрөгү таза элге, мекенге күйгөндөр дагы жок эмес. Бирок аябай чоң бийлик деген машинага каршы чыккандардын дагы абалын көрүп жатабыз. Менде 100% далилдерим жок болгондон кийин аттарыны атай албайт экенмин. Себеби бирөөгө далили жок жалаа жапкан өтө оор күнөө экенин жакшы билем. Эми колунан кармай албасак дагы сыртынан баарыбыз эле билебиз кимдин ким экенин.

Менин айтарым ушунун баарына эл өзүбүз күнөөлүү болушубуз мүмкүн. Анткени ошолордун кооз сөздөрүнө алданып, ой биздин келечек ушул экен,ой биздин баатыр ушул экен деп популист, аферистерди колдоп,мактап жүрүп ушул абалга келип отурабыз. Азыр ар нерсе деп акылдуу болгонубуз менен эртең шайлоодо ушул эле эски жүздөрдү шайлап, анан дагы беш жыл артынан сындап,жамандайбыз. Өзгөрүүнү кааласак анда ар бирибиз өзүбүздөн баштайлы туугандар.

Мына мен принцибимде туруп, позициямды бекем кармап, эскилердин бирөөсүн дагы колдобоймун, бирөөсүнө дагы сатылбаймын жана алданбаймын деп өзүм үчүн 100% кепилдик берип жооп бере алам.

Ар бир кыргыз жараны ушундай жол менен гана оңолуу жолуна түшө алабыз. Баары өзүбүздүн колубузда, баары өзүбүздүн абийирибизде жана пейилибизди. Ошондуктан күнөөнү бирөөдөн издебей өзүбүздөн издейли жана пейилди оңдойлу туугандар. Ушул жерде улуу инсан Исхак Раззаков атабыз айтып кеткен сөзүн эстейли.

СЕН АК БОЛСОН, МЕН АК БОЛСОМ, КООМ ДА ТАЗА БОЛОТ.

Уландысы бар