Кечээ 10-май күнү  Дубай-Бишкек каттамы боюнча  Fly Dubai  авиакомпаниясынын рейси менен Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстанга 177 жаран кайтып келди. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирген.

Бул маселе дүйнө жүзүндө коронавирустун таралышына байланыштуу эл аралык авиакаттамдардын токтоп калуусунун негизинде чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды мекенине кайтарып келүү боюнча өткөрүлүп жаткан иштердин алкагында КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн иштелип чыккан.

Кайтып келген бардык жарандар белгиленген медициналык жол-жоболордон өтүү үчүн байкоо алдында (обсервацияда) болушат.

Белгилей кетсек,  эмират тарап менен жетишилген өз ара сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 26-апрелде жана 3-майда БАЭден Кыргызстанга 361 жаран кайтып келген.