«Керемет Банктын» капиталдык каражаттарынын ичинен 750 млн. сом өлчөмүндөгү сумма кичи жана орто бизнести колдоо үчүн жумшалат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 10-майда өткөн брифингде билдирген.

 «Күрөөлүк камсыздоонун жетишсиздиги менен байланышкан маселени чечүү үчүн Өкмөт менен биргеликте Кепилдик фондунун уставдык капиталын 1 млрд. сомго капиталдаштыруу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул каражаттар кичи жана орто, ошондой эле ири ишканалардын Өкмөт тарабынан артыкчылык берилген тармактар боюнча кредит алуусуна кепилдик берет. Ошондой эле мында региондорду өнүктүрүүгө басым жасалат»,-деген өз сөзүндө Абдыгулов.

Ошондой эле Улуттук банк тарабынан кризиске каршы өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жакынкы араларда КР Өкмөтү менен биргеликте төмөнкүдөй каражаттарды бөлүү пландалууда:

  • 1 млрд сом — чарбакер субъектилердин айланма капиталын толуктоого;
  • 1.5 млрд сом — Өкмөттүн АЧК-8 программасын каржылоого;
  • 1 млрд сом — микрофинасылык компанияларды жана бүтүндөй микрофинансылык секторду колдоого.

Ошентип, өлкө экономикасын колдоо үчүн жакынкы араларда Улуттук Банк тарабынан бөлүнүүчү сумманын көлөмү 5 млрд. 250 млн. сомду түзмөкчү.