Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кытайда январь айында жабылган кинотеатрлар иштеп баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Эгер санитардык эрежелерди сакташса, алардын иштөөсүнө уруксат берилди. Иштөөнү каалаган кинотеатр жетекчилиги көрүүчүлөрдүн аралыкты сактоосуна шарт түзүп, залды бат-баттан желдетип туруусу жана үзгүлтүксүз тазалап, дезинфекция жүргүзүп туруусу керек болот.

Ал эми көрүүчүлөр милдеттүү түрдө медициналык бет кап тагынуусу шарт. Азырынча Кытайдын мамлекеттик кеңешинде кинотеатрлар качантан баштап ишин баштаары тууралуу так айтыла элек. Кошумчалай кетсек, мартта айрым кинотеатрлар эшигин ачып, ишин баштаганы менен көрүүчүлөр кооптонуп келишкен эмес.

Маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу 2300гө жакын кинотеатр банкрот болгон. 2019-жылы билет сатуудан түшкөн киреше 9 миллиард 200 миллион долларды түзсө, 2020-жылы киреше кескин азайып, 4 миллиард 200 миллион долларга жетүүсү мүмкүн деп болжолдонууда.