Жакынкы күндөрү Түштүк Кореяда чектөөлөр кайрадан жаңыланып, бардык кафелер жана ресторандар коронавирустун жаңы күчөшүнө байланыштуу жабылган. Маалым болгондой, коронавирус аныкталган жигит Сеулдун Итаевон районундагы бир катар көңүл ачуучу жайларга барган.

Ал эми бийлик өкүлдөрү 34 жаңы инфекция менен катталачууларды маалымдады. Бул акыркы айдагы эң жогорку көрсөткүч. Алардын ичинен 26 учур жергиликтүү мүнөздө болсо, 8 учур чет өлкөдөн келгендерден аныкталган. Кореянын президенти Мун Дже Ин жылдын аягына чейин эпидемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүн деп эскертти.

Ошондой эле Германияда да инфекциялардын саны көбөйгөн. Бул окуя өткөн шаршембиде бийлик карантинди жеңилдеткенден бир нече күн өткөндөн кийин болду, деп билдирет Би-Би-Си. Германияда 667 жаңы инфекция катталды. Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, жаңы вирус жуктургандардын жалпы саны 171 миңден ашуун адамды түзүп, 7,5 миңге жакын бейтап көз жумган.