Социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишеним телефонуна Бишкек шаарынан көп чалуу түшкөн. 191 жаш бала өзү кайрылган.

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна жыл башынан берки төрт айда (январь-апрель) 45 981 кайрылуу түштү. Орто эсеп менен бир суткада 380 адам чалган. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Бирок 43 541 абоненттин жаңылып чалганы айтылат. Алар мобилдик операторлорду,  милиция, Тез жардам,  Өрт өчүрүү кызматын сурашкан.

Калган 2 440 адам консультация алыш үчүн же жардам сурап чалган. Анын ичинен аялдар — 1880, эркектер — 560, жаш балдар — 191.


«2161 абонентке телефондон сунуштар жана консультациялар, ал эми 130 кишиге психологиялык жардам берилди. 149 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө кабарланып, андан ары иш алып баруусу сунушталган», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өткөн жылдын ушул мезгилинде 799 чалуу болгон, салыштырмалуу быйыл үч эсеге көбөйгөнү белгиленет.

Министрликтин «Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна Бишкек шаарынан көп чалуу түшкөн.

Кайрылуулардын түрү төмөнкүдөй:

гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурагандар – 876;

балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилеси тууралуу – 601;

социалдык жардам сурагандар – 213;

психологиялык жактан жабыркагандар – 112;

ар кандай суроолор менен – 108;

үй-бүлөлүк мамиле жана чыр-чатактар тууралуу – 102;

аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук жасалганы тууралуу – 81;

медициналык камсыздоо боюнча  – 79;

аймактагы бийлик органдарынын кызматкерлерине же ишине нааразычылык билдиргендер – 71;

балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу – 59;

билим берүү системасы боюнча – 59;

«Балдар үчүн ишеним телефону» борбору жөнүндө маалымат – 59;

балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу — 16;

мектептеги рэкет тууралуу – 2;

суицид боюнча – 2.