Германияда өткөн аптада карантиндик чектөөлөр жеңилдетилген. Мындан улам аталган өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандар кескин көбөйдү деп жазышат дүйнөлүк басылмалар.

Инфекциялык ооруларды изилдеген Германиянын Роберт Кох атындагы федералдык интститутунун маалыматына ылайык, вирусту жуктуруу боюнча 11 кишиге 10 бейтап туура келет. Чектөөлөр алынганга чейин вирусту жуктуруунун саны аз болгон дешкен аталган институттан.

«Коронавирусту көп жуктургандар федералдык аймактардагы эт комбинаттарында катталууда. Мындан улам бийлик комбинаттардын ишин токтотууга мажбур болушту. Карантиндик шарттарды жеңилдетүүдө вирустун жайылуусу күчөсө, анда мурдагыдай карантиндик шартка кайтууну канцлер Ангела Меркель билдирген. Ооругандардын көбөйүп жатканы айрым аймактын тургундарынын нааразычылыгын жаратып, чектөөлөрдүн алынышы алардын вирусту жуктуруп алуусуна мүмкүнчүлүк болуп жатат дешкен», — деп айтылат маалыматта.

Германияда бүгүнкү күндө 171 миң 879 жарандан коронавирус аныкталып, анын 7 миң 569у каза болду. Ал эми 144 миң 400 жаран илдеттен айыкты.

Булак: NazarNews.org