Бүгүндөн тарта ишке чыккандар жумушуна тоскоолдуксуз баруу үчүн жашаган жеринен жана Салык инспекциясынан күбөлөндүрүлгөн иштеген жеринен маалым кат керектелет. Бул тууралуу Бишкектин мэри Азиз Суракматов билдирди.

“Жетекчилер же бухгалтерлер ар бир кызматкери үчүн Салык инспекциясы тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалым кат даярдашы керек. Бул кагаз адамдын ошол компанияда иштей турганына далил болот. Алгачкы күндөрү 12-майга чейин маалым катты катуу талап кылбайбыз, себеби аны даярдоого убакыт керек. Бирок 13-майдан тарта ишке чыккан ар бир кызматкерден жашаган жери жана иштеген жумушунан справка сурай баштайбыз. Бир гана патент менен иштегендерге маалымкаттын кереги жок”, — деди мэр.

Ал ошондой эле бул норма шаар сыртында жашагандарга гана эмес, калаа тургундары үчүн дагы иштей турганын белгиледи.

“Маалым катты талап кылганыбыздын себеби ишмердүүлүгүнө азырынча уруксат берилбегендер дагы чыгып алышы мүмкүн. Өткөрмө кагаздар жокко чыкты, ошондуктан эртең элдин баары сыртка чыгып кетсе эмне кылабыз, кантип көзөмөлдөйбүз?” – деди Суракматов.

Ал ишке чыккандар үйдөн жумушка, жумуштан үйгө гана бара ала турганын кошумчалады.