Кыргызстанда 11-майга карата 14 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1016 адамга жетти.

Жаңы катталган учур: ичинен

Бишкек шаарында – 6,

Чуй облусунда — 1,

Ош облусунда — 2,

Баткен облусунда — 1,

Нарын облусунда — 2

Ысык-Көл облусунда — 2