Кыргызстанда дагы 13 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 11, Нарын облусунан 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 688 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бардыгынын кайталап алынган анализдери терс болуп чыкты», — деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 14 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1016 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болгон.