Өзбекстандын Сардоба суу сактагычындагы дамба жарылып, каптаган селден улам Казакстандын түштүгүндөгү Түркстан облусу 9,5 миллион доллар зыян тартты. Жергиликтүү бийлик 7639 гектар айдоо талаалары суу алдында калганын, 300гө чукул мал жандык өлгөнүн билдирүүдө. Миңден ашуун айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн тизмеси түзүлүп, комиссиянын чечими менен аларга компенсация төлөнүп берилмей болду. Ал эми, азырынча канча турак жай зыянга учураганы айтыла элек.

Эске салсак, Өзбекстандын Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жырылышынан улам Түркстан облусунда 14 калктуу конуштан 32 миңге жакын тургундар убактылуу көчүрүлгөн. Маалым болгондой, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев плотинанын жырылышы коңшу өлкөгө зыян алып келгени үчүн өкүнгөнүн билдирген.

Ал эми өзбек миллиардери Алишер Усманов Казакстанга жардам катары 5 млн доллар бөлгөн. Казакстан президенти Токаев , 9-майда “Твиттерге” Мактаарал районунда жабырлануучулар жаңы же ремонттологон үй-жай менен камсыз болоорун, алардын ар бирине 100 миң теңгеден берилерин жазган.