Карантин жана өзгөчө кырдаал режими күчүндө турган кезде Бишкекке кирүүдө жарандарга керектүү болгон уруксат берүүчү жана башка документтер боюнча Республикалык штаб түшүндүрмө берди.

Ага ылайык, азыркы учурда иши уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктөргө кирбеген жарандарга карантин убагында шаар ичинде негиздүү себептер менен жүрүүсү үчүн жанында чыгуу себеби жана бара турчу жери көрсөтүлгөн маршруттук баракчасы болушу керек.

Мындан тышкары азык-түлүк дүкөндөрүнө, дарыканаларга, медициналык мекемелерге баруудан сырткары, шаар ичинде жүрүү чектелген, анын үстүнө жаныӊарда өздүгүн тастыктоочу документ жана колго толтурулган маршруттук баракча алып жүрүү зарыл.

Уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүк чөйрөлөрдүн тизмесине кирген жарандарга, иштеген жеринен уюмдун катталган жери боюнча Мамлекеттик салык кызматынын (МСКнын) райондук башкармалыгынын мөөрү же райондук башкармалыгынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалымкат алуу керек (байланышты азайтуу максатында бул документтерди алуу үчүн уюмдун жетекчилерине, башкы бухгалтерлерине кайрылуу керек).

Жеке ишкерлерде өздөрүнө патент болушу керек.

Эскерте кетсек, 13-майга чейин уруксат берилген ишмердүүлүк чөйрөлөрүнө ишке тартылган адамдарга маалымкатты алуу жана тиешелүү мөөрдү койдуруу зарыл.